Эреже бузган беш курулуш компаниясына айып салынды. Тизме

Рейдди муниципалдык инспекция жүргүзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Бишкекте эреже бузган беш курулуш компаниясына айып салынганын мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, алар шаардык муниципалдык инспекция тарабынан жүргүзүлгөн рейд учурунда аныкталган.
1 / 3

Бишкекте эреже бузган беш курулуш компаниясына айып салынганын мэрия билдирди

2 / 3

Маалыматка ылайык, алар шаардык муниципалдык инспекция тарабынан жүргүзүлгөн рейд учурунда аныкталган

3 / 3

Жалпы жонунан көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн курулуш компанияларга 103 миң сом айып салынганы, аларга мыйзамга ылайык чара көрүлөрү кошумчаланды

Айыпка жыгылган компаниялар:
"Имарат Строй" компаниясы — курулуш таштандыларын белгиленбеген жерлерге төккөнү үчүн 23 000 сом;
"Авента Строй" компаниясы — жолдун өтүүчү бөлүгүнө зыян келтиргени үчүн 23 000 сом;
"Алим Курулуш" — топурак чыгаруу эрежелерин бузганы үчүн 23 000 сом;
"Курулуш Кызматтары" — өз алдынча жол куруп алганы үчүн 17 000 сом;
"Капстрой Кей джи" — бак-дарактарды кыйып, зыянга учуратканы үчүн 17 000 сом.
Ал эми "Кыргыз Каганат" компаниясы курулуш таштандыларын жыйноо боюнча жазма буйрук алган.
Жалпы жонунан көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн курулуш компанияларга 103 миң сом айып салынганы, аларга мыйзамга ылайык чара көрүлөрү кошумчаланды.
Радио
Вице-мэр: шаарга зыян келтиргендерге 3 млн. сом айып салынды