Президент Качиньский баштаган 96 киши кабылган авиакырсыкка 14 жыл. Тарыхый видео

2010-жылдын 10-апрелиндеги бул трагедия 96 адамдын өмүрүн алган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Мындан 14 жыл мурда польшалык "№1 борттун" Смоленск-Северный аба майданына конор алдындагы трагедиясынын себеби боюнча бүтүм чыкканына карабай, Варшава комиссия түзгөн. Бирок анын мүчөлөрүнө миллиондор сарпталганы менен колго илинерлик эч нерсе таба алышкан эмес.
Бул окуя тууралуу Sputnik Ближнее зарубежье эскерип, тарыхый видеону жарыялады.
2010-жылдын 10-апрелиндеги бул трагедия 96 адамдын өмүрүн алган. Көз жумгандардын ичинде Польша лидери Лех Качиньский жубайы менен болгон. Аны белгилүү саясатчылар, аскердик ишмерлер коштоп келе жаткан.
Польшанын өкмөттүк комиссиясы менен Авиация боюнча эл аралык комитеттин кырсыкка экипаж күнөөлүү деген бүтүмүнө карабастан Варшава россиялык диспетчерлерди күнөөлөп, 2015-жылы бул трагедияны иликтөө боюнча жаңы комиссия түзгөн.
Мындай доомат менен түзүлгөн топту былтыр декабрда гана өкмөт алмашкандан кийин жоюшкан.
Комиссиянын ишин каржылоого польшалык салык төлөөчүлөрдүн 33 миллион злотых суммасындагы ( 8,5 миллион долларга жакын) акчасы кеткен. Анын 12,5 миллиону айлыкка ( 3,2 миллион долларга чукул) жумшалган.
Таң калычтуу бир жагдай, комиссиянын мүчөлөрүнүн бири да иликтөө иштеринин алкагында кырсык болгон Смоленскиге келген эмес.
Ан-148 учагынын Подмосковьеге кулаган учуру камерага түшүп калган. Видео