Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионатынын ачылыш аземи. Видео

Учурда 20га жакын мамлекеттин курама командалары күч сынашып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Бүгүн, 11-апрелде, Бишкекте күрөш боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионатынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, маданият министри Алтынбек Максутов, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Азия бириккен күрөш дүйнөсүнүн президенти Даулет Турлыханов жана КР Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев катышты.
Мелдештер "Бишкек Арена" шаардык муз аянтчасында өтүүдө. Учурда 20га жакын мамлекеттин курама командалары күч сынашып жатат. Алар: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түштүк Корея, Кытай, Индия, Япония, Иран, Палестина, Ирак, Түндүк Корея, Монголия, Шри-Ланка, Ирак, Пакистан, Бахрейн жана Тажикстан.
Эске салсак, 11-12-апрель күндөрү эркин күрөш, 13-14-апрелде кыз-келиндер арасында, 15-16-апрелде грек-рим күрөшү боюнча беттештер өтөт.
Кыргызстанда апрель ичи күрөш боюнча эки турнир өтөт