Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ элчиси: АКШ "акыркы украиналык калгыча" кармашкан согушунда утулду

Америкалык парламентарий Крым Россиянын курамынан эч качан чыкпастыгын, эгерде ушундай максат коюлган болсо ал "кыял боюнча каларын" белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Американын Коргоо министрлигиндеги аткаминерлердин Россияга стратегиялык жактан утула тургандай кылып чабуул жасоо боюнча билдирүүлөрү "алдын алып болжоого да болбой турган эскалация" тобокелдигин жаратат. Америкадагы Россиянын элчиси Анатолий Антонов АКШ андыктан бул ойдон баш тартышы керектигин айтты.
РИА Новости Американын Өкүлдөр палатасындагы угууга Пентагондун башчысынын эл аралык коопсуздук боюнча жардамчысы Селеста Уолландер жана НАТОнун бириккен күчтөрүнүн Европадагы жетекчиси Кристофер Каволинин катышканын жазды.
Уолландер россиялык жетекчини Крымдан улам "эсине келтирип коюш керек" деген билдирүү жасаган.
"АКШ администрациясы кесепети жаман боло турган жоопкерчиликсиз, жөн келди билдирүүлөрдү жасоодон баш тартышы зарыл. Зеленскийдин бийлиги алдастап жатканы көрүнүп турат", — деген элчи америкалык аткаминерлердин билдирүүсүнө комментарий берип жатып.
Дипломаттын айтымында, жергиликтүү аткаминерлер токтоно албай, "акылынан кете баштаган Киев бийлигин жаңы кылмышка түртүп жатат".
"Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн жай жарандарды кордоп жатканы өзгөчө көзгө урунат. Бул фактылар Американын Куралдуу күчтөрүнүн АКШдан миңдеген чакырым алыста жүрүп жаткан согушка катышкандыгын дагы бир жолу ырастап турат. Бул чатак Вашингтондун кадыр-баркына, күчүнө жана эл аралык коопсуздукка терс таасирин тийгизет", — деген элчи.
Антонов белгилегендей, Россия армиясынын согуштагы ынанымдуу жеңиштери АКШнын Москваны стратегиялык жактан утулушуна алып келүү үчүн "акыркы украиналыкка чейин" деген максатында да ийгиликке жетпегендигин тастыктайт.
Республикачыл-конгрессчи Мэтт Гетц парламенттеги угуу учурундагы Москванын "стратегиялык жеңилүүсүн камсыздоо үчүн" Крымды Россиянын курамынан чыгаруу керектиги боюнча Уолландерден такып сураган.
Тактоо иретиндеги Крымсыз АКШ койгон максатына жетпейби деген суроого Остиндин жардамчысы эгерде Россия аталган аймакты "күч менен алып кетпесе" бул Украина менен АКШнын стратегиялык жеңиши болот деген маанайда жооп берген.
Гетц Крым Россиянын курамынан эч качан чыкпастыгын, эгерде ушундай максат коюлган болсо ал "кыял боюнча каларын" белгилеген. Комитеттин дагы башка мүчөсү Адам Смит Крым баары бир Россияда каларын моюнга алыш керектигин айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Алаңгазарлык жана эрдик. АКШ Украинанын Крымга сокку урушу үчүн курал береби?