Борбордук банк төрайымы: Россияда инфляция жогорку чегинен кайтты

Борбордук банктын төрайымы жогорку чендеги коюмдар аркылуу элдин кирешеси корголорун, бул жакырчылык менен күрөшүүгө түздөн-түз таасир бере тургандыгын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Инфляциянын жогорку чеги артта калды. Бул тууралуу Россиянын Борбордук банкынын төрайымы Эльвира Набиуллина Мамлекеттик Думада окуган докладында айткан. Доклад Россиянын экономикалык абалынын, каржылык рыногунун, төлөм баланстарынын, улуттук төлөм системасынын, ошондой эле Борбордук банктын бир жылдык каржылык отчётунун анализдерин камтыганы айтылат.
"Борбордук банк негизги ставкасынын көтөрүлүшүнүн алгачкы жыйынтыгын байкай баштады. Инфляциянын жогорку чегинен кайттык", — деген Набиуллина.
Анда Борбордук банк жогорку чендеги коюмдар аркылуу жарандардын кирешесин коргой тургандыгы, бул жакырчылык менен күрөшүүгө түздөн-түз таасир берери белгиленет. Июль айынан ноябрга чейин бул көрсөткүч эки сандуу болуп турса, азыр ал 6 пайызга жакындаган.
"Күздө негизги коюмдарды көтөрүү экономикага бөгөт коет деген көптөгөн чочулоолор болгон. Бирок андай болгон жок. IV кварталда экономикалык өсүш бир аз жай болгону менен байкаларлык илгериледи. Жылдын жыйынтыгы менен ала турган болсок, ички дүң продукция 3,6 пайызга өскөн. Азыр ыкчам индикаторлор ушул жылдын I кварталында экономика жогорку темпте өсүп жатканын көрсөтүүдө", — деп кошумчалаган Набиуллина.
Санкцияга сынбаган Россия экономикасынын күчү эмнеде? Улукман Мамытов менен маек