Бир катар өлкө башчылары кыргыз элине, президентке аруу тилектерин жолдошту

Куттуктоо ээлери кыргыз элине гүлдөп-өнүгүүнү, Кыргызстандын башчысына ийгиликтерди каалашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бүгүн Орозо айт майрамында бир катар өлкө башчылары кыргызстандыктарды жана президент Садыр Жапаровду куттукташты. Президенттер кыргызстандыктарга жакшы каалоо-тилектерин жолдошуп, эл аралык ынтымактыкты тилешкен. Мамлекет башчыларынын куттуктоолорун президенттин маалымат кызматы жарыялады.
Биринчилерден болуп куттуктоо телеграммасы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевден келген.
"Улуу урматтуу Садыр Жапаровго жана бүткүл кыргыз элине чын ыкластан жакшы каалоо-тилектерди айтууга абдан кубанычтамын. Жогорку жана бийик деңгээлдеги диалогдун, маанилүү макулдашуулардын натыйжасында Өзбекстан менен Кыргызстан ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк эки боордош элдин гүлдөп-өнүгүшүнө гана эмес, жалпы элдин туруктуу өнүгүүсүнө да кызмат кылууда", — деп айтылат анда.
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов куттуктоо катында: "Нечен кылымдардан бери келген бийик руханий баалуулуктардын — гуманизмдин, кайрымдуулуктун, ак көңүл жана адеп-ахлактык, тазалыктын символу болгон бул майрам мындан ары да жалпы мусулман коомчулугунда өз ара түшүнүшүүнү, тилектештикти жана тынчтыкты бекемдөөгө өбөлгө болот деп терең ишенем", — деп айтылат.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бул майрам мусулман эки элди бириктирип турарын белгилеген.
"Ислам дүйнөсүнүн бардык өлкөлөрү үчүн ыйык болгон бул майрамдын бийик адеп-ахлактык баалуулуктары жана жаратман салттары мындан ары да эки элдин ортосундагы эзелки байланыштарды бекемдөөгө кызмат кылат. Эки элдин түпкү кызыкчылыктарына ылайык, өлкөлөр ортосундагы жакшы байланыштарды өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча биргелешкен аракеттерибизди мындан ары да улантабыз деп ишенем", — деген Тажикстандын башчысы.
Азербайжан башчысы Илхам Алиев куттуктоосунда: "Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара ишенимге негизделген мамилелердин бүгүнкү деңгээли канааттанууну жаратат. Боордош элдин эрки менен калыптанган эки тараптуу мамилелер биргелешкен аракеттердин аркасында мындан ары да өнүгүп, бекемделе берерине тилектешмин", — деген.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган куттуктоо жолдоп, дос жана бир тууган Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалаарын белгилеген.
"Урматтуу президент, кымбаттуу бир тууганым. Ынтымактын, тилектештиктин жана бир туугандыктын баалуулугун дагы бир жолу эсибизге салган ыйык майрамыбыз ислам ааламына жана бүткүл дүйнөгө тынчтык, бейпилдик жана молчулук алып келүүсүн тилейм", — деп айтылат Эрдогандын куттуктоосунда.
БАЭнин президенти Мухаммед бен Заид Аль Нахаян: "Алла тааладан сизге чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык, ал эми ислам мамлекеттеринин элине жакшылык, тынчтык жана береке тилейм. Сизге болгон терең урматтоомду кабыл алыңыз", — деп жолдогон.
Бахрейндин королу Хамад бин Иса аль Халифанын куттуктоосу төмөнкүдөй жазылган:
"Ыйык Орозо айт майрамына карата куттуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, улуу урматтуу сизге чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду, ошондой эле чың ден соолук жана бакыт-таалай каалоолорубузду жолдоого кубанычтабыз. Жараткандан бул куттуу майрамды сизге жана элиңизге чоң прогресс жана гүлдөп-өнүгүү, ал эми араб жана ислам үммөтүбүзгө сыймыктануу жана асылдык менен кайтарышын тилейбиз", — деген.
Иорданиянын королу Абдалла II ибн аль-Хусейн: "Ыйык Орозо айт майрамына карата Иорданиянын Хашимит Королдугунун эли жана өкмөтү мени менен кошо сиздерге биздин чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорду жолдойт", — деген.
Омандын Султаны Хайсам бин Тарик куттуктоо жолдоп, ушундай жакшы майрамда Жараткандан мусулман коомчулугуна ырайымы менен берекесин беришине тилектештигин билдирген.
Палестинанын президенти Махмуд Аббас: "Улуу урматтуу сизге, боордош элге, ардактуу Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө жана дүйнөнүн бардык элине тынчтыкты, туруктуулукту жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайбыз", — деген тилектерин жазган.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бул майрамды боорукерликке, бийик баалуулуктарга, гуманизмге жана кайрымдуулукка толгон деп сыпаттап: "Кудай жакшы ниетибизди, жакшы иштерибизди кабыл алып, кийинки ыйык айыбызды ден соолукта тосуп алалы. Боордош кыргыз элине гүлдөп-өнүгүү жана бакубатчылык каалайм", — деген куттуктоосун билдирген.
Айтыңыздар маарек болсун! Садыр Жапаров элди куттуктады