Бишкектеги "Спартак" стадионунун кичи аренасы мэрияга өттү

Муниципалитет эскирген стадиондун кичи аренасынын сүрөттөрүн жана келечектеги эскиздерин жарыялады.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Бишкектеги "Спартак" стадионунун кичи аренасы министрлер кабинетинин чечими менен муниципалдык менчикке өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
1 / 5

Бишкектеги "Спартак" стадионунун кичи аренасы министрлер кабинетинин чечими менен муниципалдык менчикке өткөрүлдү

2 / 5

Маалыматка ылайык, аталган аренанын аймагындагы курулмалар жер титирөөгө туруктуу эмес жана авариялык абалда деп техникалык корутунду чыккан

3 / 5

Бишкектеги "Спартак" стадионунун кичи аренасынын абалы

4 / 5

Бишкектеги "Спартак" стадионунун кичи аренасынын абалы

5 / 5

Бишкектеги "Спартак" стадионунун кичи аренасынын абалы

Маалыматка ылайык, аталган аренанын аймагындагы курулмалар жер титирөөгө туруктуу эмес жана авариялык абалда деп техникалык корутунду чыккан.
Ошондой эле "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын адистери чакан аянтчанын долбоорун иштеп чыкканы белгилүү болду.
1 / 3

Ошондой эле "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын адистери чакан аянтчанын долбоорун иштеп чыкканы белгилүү болду

2 / 3

Жакында жаңы кичи аренанын курулушу башталат

3 / 3

Долбоордо спорт залдар, калыстар бөлмөлөрү, чечинүүчү жана машыктыруучу жайлар, административдик жана башка имараттар каралган

"Жакында жаңы кичи аренанын курулушу башталат. Долбоордо спорт залдар, калыстар бөлмөлөрү, чечинүүчү жана машыктыруучу жайлар, административдик жана башка имараттар каралган", — деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, буга чейин Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалык кичи аренанын аймагындагы кафелерди демонтаждаган. Бошотулган аймактын ордуна жашыл зоналар калыбына келтирилет.
Ташиев Бишкектеги 45 миң орундуу жаңы стадионго кайсы акча бөлүнгөнүн айтты