Садыр Жапаров: күчтүү кадрлар жетишпей жатат

Мамлекет башчы эл үчүн кара жанын карч уруп иштегендерди колдой турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Азыр күчтүү кадрлар жетишпей жатат. Сынчылар көп, колдорунан иш келбейт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирген.
Мамлекет башчы журналисттин "Мекенчил" партиясынын өкүлдөрү кармалганы боюнча суроосуна комментарий берип жатып, мамлекеттик кызматкерлердин кимиси кандай иштеп жатканы ага даана көрүнүп турганына токтолгон.
"Мурдагы заман жок. Бирөө мамлекеттин акчасынан бир тыйын уурдай албайт. Мейли мурда ким болбосун, кайсы партия менен шайлоого барбасын, бөлбөймүн. Азыр күчтүү кадрлар жетишпей жатат. Сынчылар көп, колдорунан иш келбейт. Алардын баарын көрдүм", — деген Садыр Жапаров.
Ал эл, мамлекет үчүн күн-түн дебей кара жанын карч уруп иштеп берген кызматкерлерди колдой турганын белгилеп, ар кимди кызматтан алууну сунуштай берүүнү токтотуу керектигин кармалгандарга эскерткенин кошумчалаган.
Эскерте кетсек, буга чейин Бишкекте бейбаштык кылган алты киши кармалып, алар "Мекенчил" партиясынын өкүлдөрү экени социалдык тармакта кызуу талкуу жараткан. Бул боюнча президент кийинки убакта "мекенчилмин" деген аферист, шантажчылар пайда болгонун айткан.
Садыр Жапаров Кыргызстандагы жолдордун начар сапатына түшүндүрмө берди