Кыргызстанда апрель ичи күрөш боюнча эки турнир өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Кыргызстанда 11-16-апрель күндөрү күрөш боюнча Азия чемпионаты, 19-21-апрелде Азия лицензиялык турнири өтөт.
Азия биринчилигинде континенттин күчтүү балбандары намыс талашат. Ал эми Париж Олимпиадасына жолдомо алуу үчүн лицензиялык турнир "Бишкек-Арена" спорт комплексинде грек-рим, эркин, кыз-келиндер күрөшү боюнча өтөт. Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына ылайык, ага Кыргызстандын атынан 11 балбан катышат.
Эске салсак, Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Жоламан Шаршенбеков 26-июлдан 11-августка чейин Парижде өтө турган Олимпиадага лицензияны былтыр уткан.
Олимпиададан алтын үмүт кылабыз. Садыр Жапаров спорт кызматкерлерин куттуктады