Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт

Батыш ЖМКларына "Крокуста" каза болгондорду чагылдырбоо тапшырылган

Соңку маалыматтар боюнча, Москва облусунда болгон терактынын кесепетинен 145 адам каза болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Батыштын маалымат каражаттарына "Крокус сити холлдогу" терактынын курмандыктарынын саны жана трагедияга карапайым жарандардын реакциясы тууралуу сөз кылбоо тапшырмасы берилди. Максаты — дүйнөлүк коомчулукту чыныгы уюштуруучулардан жана бенефициарлардан алаксытуу.
Бул тууралуу РФ ТИМине шилетеме кылып РИА Новости жазды.

"Орус элине карата боор тартуу жана гумандуулукту көрсөтүүгө жол берилбестиги байкалды. Батыш дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн чыныгы уюштуруучулар менен пайда көрүүчүлөрдөн буруп кетүү аракетин жасап, трагедиянын масштабын жашыргысы келет. Каза болгондордун санын, көз жумган балдар тууралуу, кырсыкка карата элдин реакциясын ЖМКларда чагылдырбоо көрсөтмөсү өзгөчө эки жүздүүлүк", — деп айтылат дипломатиялык мекеменин Telegram каналында жарыяланган маалыматта.

Москва облусундагы "Крокус сити холлдун" концерттик залындагы теракт 22-март күнү кечинде болгон. Имаратка кирип келген куралчандар элге ок жаадырып, имаратка өрт чыгара турган заттарды ыргыткан.
Соңку маалыматтар боюнча, 145 адам көз жумду. 24-март жалпы Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.
Терактыны ишке ашырган төрт адам 23-мартта Брянск облусунан кармалган. Алар Украина тарапка өтүп кетүүгө аракет кылышканы кабарланган.
Иш боюнча 11 адам кармалган. Президент Владимир Путиндин айтымында, теракт радикал исламчылардын колу менен ишке ашырылган.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
"Крокустагы" терактыга шектелгендер координаторунун ысымын атады