Минкаб башчысына Бишкектеги эки көчө темир жолду кантип кесип өтөрү көрсөтүлдү

Мэрия кызматкерлери Жапаровду жаңы пайда болчу көчөлөрдүн эскизи менен да тааныштырган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги бир катар көчөлөрдү кеңейтүү иштеринин жүрүшү менен таанышканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, мэрия кызматкерлери минкаб төрагасына Бакаев көчөсүнүн Лев Толстой көчөсүнөн Бөкөнбаевге чейинки жана Фучик көчөсүнүн Лев Толстой көчөсүнөн Товарный көчөсүнө чейинки бөлүгү темир жол аркылуу кантип кесип өтөрүн көрсөтүшкөн. Ошондой эле эскиз менен тааныштырышкан.
1 / 5

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги бир катар көчөлөрдү кеңейтүү иштеринин жүрүшү менен таанышканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады

2 / 5

Билдирмеге караганда, мэрия кызматкерлери минкаб төрагасына Бакаев көчөсүнүн Лев Толстой көчөсүнөн Бөкөнбаевге чейинки жана Фучик көчөсүнүн Лев Толстой көчөсүнөн Товарный көчөсүнө чейинки бөлүгү темир жол аркылуу кантип кесип өтөрүн көрсөтүшкөн

3 / 5

Ошондой эле эскиз менен тааныштырышкан

4 / 5

Акылбек Жапаров мэриянын карамагындагы бардык объектилерди инвентаризациялоону тапшырган

5 / 5

Буга чейин мэрия бул эки жолдун курулуш иштери башталганын айтып, кийин Фучик менен Бакаев көчөлөрүн Түштүк магистралга чейин узартуу пландалып жатканын кошумчалаган

Акылбек Жапаров мэриянын карамагындагы бардык объектилерди инвентаризациялоону тапшырган.
Буга чейин мэрия бул эки жолдун курулуш иштери башталганын айтып, кийин Фучик менен Бакаев көчөлөрүн Түштүк магистралга чейин узартуу пландалып жатканын кошумчалаган.
Бишкектин жолдорунун жыртык-тешиги бүтөлө баштады. Сүрөт