9-апрелге карата аба ырайы

9-апрелге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. 9-апрель, шейшембиде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурларда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +12...+17, Талас өрөөнүндө +10...+15, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +17...+22 градус жылуу болот.
Ош жана Бишкек шаарларында күн күркүрөп, жамгыр жаап, күндүн табы борбор калаада +13...+15, Ошто +19...+21 градуска чейин көтөрүлөт.
Радио
"Жашыл мурас": быйыл 8,5 млн. көчөт отургузуу пландалууда