"30 жыл бою жол куруу багытында Транспорт министрлиги кандай иштеп келген? Мисалы, 100 чакырым жолго асфальт төшөш керек болсо жеке компанияларды чакырып туруп, аткарыла турган иштин баасын бычып, ошол акчанын 10 пайызын бизге бересиң деп жеке компанияларга берип коюшчу. Албетте, 10 пайыз акчаны бизге дегенде министрликке эмес, жеке өздөрүнүн чөнтөгүнө алышчу. Анан жеке компаниялар жолдорду салып бүткөн соң эксплуатацияга алардан дагы бир сыйра акча алып келишкен", — деди Жапаров.
"Кыргызстанда жалпы 34 миң чакырым унаа жолу болсо, анын 19 миң чакырымга жакыны Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансында. Эл аралык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдорду оңдоо, кармоо жана асфальт төшөө иштери — министрликтин түздөн-түз милдети. 2023-жылы 621 чакырымды асфальттоо каралып, 673 чакырымдан ашык жол жасалды. Асфальт-бетон заводдор облустарга орнотулду. Алдыда жети дубанда тең мындай заводдордун ачылышына аракеттер көрүлүүдө", — деди мамлекет жетекчиси.