Чүйдүн Степное айылындагы №2 аялдар түрмөсүндө жазасын өтөп жаткан соттолуучу жолдошу ичкиликке берилип кеткенин, кол көтөрүп келгенин, бирок келин "күйөөнүн санын көбөйтпөйүн" деген ойдо ажырашпаганын айтат. Бирок өзүн коргойм деп күтүлбөгөн жагдайга туш болгон.
"Акыркы күндөрү күндө эле милицияга чалам... Бычак көтөрөт. Андан мурун күрөк менен чаап, бетиме так калтырган. Биринчи жолу бычак бергенде ыргытып жибердим. Экинчи бычакты бергенде "болду, турчу ары!" деп бычак менен кошо түртүп туруп эле өзүмдү коргогон боюнча сыртка чыгып кеттим. Телефон менен 15 мүнөт аралыгында милиция менен сүйлөштүм. Алар деле билчү, мен дайыма чалчумун. "Эже, алдап эле жаткызып коюңузчу. Мен башка айылдамын" деди. Телефонду өчүргөндөн кийин карасам көмкөрөсүнөн жатып калыптыр. Заарасы чыгып кетиптир. Негизи акыркы күндөрү заарасы чыгып кетип жаткан. Минтип эле жылдырып үстүн жаап коеюн десем эле "кор-р" этип кетти. Каза болуп калыптыр..." — деди соттолуучу.
Келин 2030-жылы эркиндикке чыга турганын, учурда №2 аялдардын түзөтүү мекемесиндеги "Атлантис" реабилитациялык борборунда күн кечирип жатканын айтты. Ал жерде психоактивдүү заттарга, тактап айтканда, ичимдик, баңгизаттардан көз каранды болгон аялдар өз ыктыяры менен дарыланышат.
Тема боюнча: