Бишкекте ден соолукту чыңдоого чакырган иш-чара өтүп, ага Акылбек Жапаров катышты

Иш-чаранын алкагында каалоочулар медициналык текшерүүдөн өтүшүп, адистердин кеңештерин алышты.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата уюштурулган "Менин ден соолугум — менин укугум" аталышындагы иш-чарага катышканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 6

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата уюштурулган "Менин ден соолугум — менин укугум" аталышындагы иш-чарага катышты

2 / 6

Анда минкаб башчысы ар бир кыргызстандыкты спортту жашоосуна киргизүүгө чакырган

3 / 6

"Менин ден соолугум — менин укугум" аталышындагы иш- чараны Саламаттык сактоо министрлиги уюштурган

4 / 6

Анын алкагында каалоочулар медициналык текшерүүлөрдөн өтүшүп, адистердин кеңештерин алышты

5 / 6

Иш-чара массалык чуркоо менен коштолду

6 / 6

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров

Анда минкаб башчысы ар бир кыргызстандыкты спортту жашоосуна киргизүүгө чакырган.
"Жарандарды сапаттуу медициналык кызматтар менен камсыз кылууга, сергек жашоо образына элди үндөөгө, экологиялык чөйрөнү жакшыртууга жана коргоого милдеттүүбүз. Кыргызстан – төрт мезгилде тең спорт менен машыгууга ылайыктуу мамлекет. Өлкө боюнча миңдеген спорт залдар, аянтчалар, стадиондор, воркаут тилкелери, бассейндер иштеп жатат. Садыр Нургожоевичтин тапшырмасы менен алыскы айылдагы жаңы мектептерде Бишкектегидей бардык шарттары менен мектептер салынып жатат", — деген өкмөт башчы.
"Менин ден соолугум — менин укугум" аталышындагы иш- чараны Саламаттык сактоо министрлиги уюштурган. Анын алкагында каалоочулар медициналык текшерүүлөрдөн өтүшүп, адистердин кеңештерин алышты. Иш-чара массалык чуркоо менен коштолду.
Дарыгер арыктоонун жеңил жолдорун санап берди