Быйыл дем берүүчү гранттарга бюджеттен 1,5 млрд. сом каралды

Каражаттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инфратүзүм объектилерин жакшыртууга жумшалат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Быйыл дем берүүчү гранттарга бюджеттен 1,5 миллиард сом каралганын Финансы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул жылкыга 439 долбоор жактырылган.
Дем берүүчү грант — аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын (мектеп, бала бакча, медициналык мекемелер ж.б. курулушу) ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттердин жана башка тартылган каражаттардын үлүштүк катышуусу менен долбоордук-конкурстук негизде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына республикалык бюджеттен берилүүчү акча.
Суу ресурстары кызматына быйыл 366 млн. сомдук техника алынат