Шашылыш билдирүү! Жамгыр жаап, ашууларда кар көчкү түшүшү ыктымал

Айдоочулар алыс жолго чыгарда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк жана ысык суу, жол азыгын, дары-дармек кутучасын унутпай алышы керек.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. – Sputnik. 6-8-апрелде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында, ашуулардагы унаа жолдорго кар көчкү түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, кар көчкү Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусу, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 74-107-чакырымдарына, Чапчыма ашуусуна түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
ӨКМ алыс жолго чыгарда айдоочуларга дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк жана ысык суу, жол азыгын, дары-дармек кутучасын алууну эскертти. Автоунаалар ортосунда 500 метр аралык сакталышы керек.
"Эгер сиз кандайдыр бир кырдаалга күбө болсоңуз 112 кызматына кабарлаңыз. Чалуу күнү-түнү кабыл алынат жана акысыз", — деп жазылат кабарда.
30 градуска чейин жетет! Апрель айына карата аба ырайы