Ташиев: Райым Матраимовдон 200 млн. доллардай алынат. Видео

Камчыбек Ташиев коррупционерлерден өндүрүлгөн каражат боюнча тизме улам жаңыланып жатканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев камакта жаткан Райым Матраимовдон 200 миллион доллардай каражат алынарын футбол стадионунун курулуш иштери жүрүп жаткан жерден журналисттерге маалымат берип жатып билдирди.
Журналист буга чейин УКМК төрагасы коррупционерлерден бюджетке канча акча түшкөнү ачыкталарын айтканын эске салып, тизме качан жарыяланарын сураган. Ташиев ал улам жаңыланып жатканын белгиледи.
"Мурдагы күнү эле Матраимовдун бир кеңсесин 16 миллион долларга саттык. Ал мамлекеттин бюджетине которулду. 60 миллионго жакын мүлкүн өз ыктыяры менен өткөрүп берди. Жалпы 200 миллион долларга жакын мүлкүн алышыбыз керек. Ал өзүнө каттап алган мүлктөрдү дагы алабыз", — деди Ташиев.
УКМКнын төрагасы Камчы Көлбаев боюнча да ушундай иштер жүрүп жатканын кошумчалады.
Эске салсак, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовго январда издөө жарыяланган. Марттын соңунда ал чет өлкөдөн кармалып, Кыргызстанга алып келинген. Кийин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, бир айга камакка алган.
Райым Матраимовдун үч бир тууганы дагы камакка алынды