Москвада КМШ өлкөлөрүнүн штаб башчылары чогулду. Талкууланган маселелер

Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Москвада КМШга мүчө мамлекеттердин штаб башчылар комитетинин кезектеги отуруму болгонун Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Москвада КМШга мүчө мамлекеттердин штаб башчылар комитетинин кезектеги отуруму болгонун Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады

2 / 3

Отурумга Кыргызстандын атынан Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы Руслан Мукамбетов катышкан

3 / 3

Алгач Кремлдин дубалынын жанындагы белгисиз жоокердин эстелигине гүлчамбар коюлган

Билдирмеге караганда, отурумга Кыргызстандын атынан Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы Руслан Мукамбетов катышкан. Алгач Кремлдин дубалынын жанындагы белгисиз жоокердин эстелигине гүлчамбар коюлган.
"Жыйындын жүрүшүндө штаб башчылары дрондорго каршы күрөшүүнүн заманбап ыкмаларын жана атайын аскердик операциянын жүрүшүндө минадан тазалоо тажрыйбасын талкуулашты. Абадан коргонуучу бириккен системаны колдонуу келечегине да көңүл бурулду", — деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары, аскерлердин күжүрмөн даярдыгы жана талаа машыгуулары, кесипкөй аскерлерди даярдоо маселелери талкууланган.
Тагдырын жеңген тажикстандык кыргыздар. Согуш жер оодарткан кандаштардын баяны