Бишкекте алыш бел боо күрөшү боюнча эл аралык турнир өтөт

Мелдештин байге фонду 1 000 000 сомду түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Бишкекте алыш бел боо күрөшү боюнча эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.
Ага ылайык, мелдеш 28-29-апрель күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда уюштурулмакчы.
Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Индия, Түркмөнстан, Нидерланд жана Афганстан өлкөлөрүнөн 120дан ашык спортчу катышары күтүлүүдө. Байге фонду 1 000 000 сомду түзөрү кошумчаланды.
Эркектер классикалык жана эркин стиль боюнча 60, 70, 80, 90, 100, +100 килограмм салмакта, кыз-келиндер эркин стиль боюнча 55, 60, 65, 70, 75, +75 килограм салмакта күч сынашмакчы.
Бишкекте массалык чуркоо уюштурулат. Күнү, сааты, дареги