БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Жаздын келиши менен автоунаа тез-тез кирдеп баштайт. Көптөгөн айдоочулар аны улам-улам жууп туруунун зарылчылыгы жок деп эсептешет. Автоэксперт Ян Хайцеэр Sputnik радиосунда унааны таза кармоонун пайдалуу жактары тууралуу айтып берди.
Адистин айтымында, өзгөчө кыш чыккандан кийин унааны дыкат жууш керек. Анткени анын ар кайсы кычыгында калган туз, баткак жана башка заттар автокөлүктүн маанилүү тетиктерине доо кетирет.
Хайцеэр унааны кир боюнча айдап жүрүү кооптуулукту да жаратарын эске алууну сунуштаган. Ал көптөгөн айдоочулар маңдайкы терезени тазалап алып эле айдап кете берерин, бирок коопсуздукту сактоо үчүн капталдагы, арттагы терезелердин таза болушу маанилүү экенин кошумчалады.
"Өтө кир унаа жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөгөн инспекторлордун көзүнө көп чалдыгат. Себеби унаанын таза эместиги анын кожоюну ага көп көңүл бурбагандыгынан кабар берет. Чындыгында темир тулпарын таза кармабагандардын унаасынын айрым бөлүктөрү бузук болот", — деп белгилеген автоэксперт.