БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Алдын ала маалымат боюнча, Тайвандагы жер титирөөдөн жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Маалыматка караганда, Тайванда 60тан ашуун, Хуалянь уездинде 12 кыргызстандык жаран жашайт. Алардын көпчүлүгү — студенттер.
Белгилей кетсек, 3-апрелде эртең менен Тайвандын Хуалянь уездине жакын жерде магнитудасы 7,2ге жеткен жер титирөө болгон. Соңку маалыматтар боюнча, тогуз адам каза таап, 1 038 киши жаракат алган.