Бийлик Кыргызстанда катуу жер титирөөлөр болушу мүмкүндүгүн эскертти

Өкмөт башчы курулуш иштерине акыркы технологияларды колдонуу жана имараттардын жер титирөөгө чыдамдуулугун текшерип туруу актуалдуу болуп жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте окумуштууларга таянып Кыргызстанда катуу жер титирөөлөр болушу мүмкүндүгүн эскертти.
Ал курулуш иштерине акыркы технологияларды колдонуу жана имараттардын жер титирөөгө чыдамдуулугун текшерип туруу актуалдуу болуп жатканын белгиледи.
"Кыргыз окумуштуулары дагы алдыдагы күчтүү силкинүүлөрдүн ыктымалдыгын болжолдошууда. Эң кооптуу зоналарды белгилеп, тектоникалык жаракаларга кандай роль берилгенин иликтеп жатышат. Жыл сайын өлкөдө 13 миңге чукул сейсмикалык термелүүлөр болуп турат. Демек, биз көзөмөлдү эч качан азайтпашыбыз керек", — деди Жапаров.
Анын айтымында, акыркы 150 жылда Кыргызстанда күчү 7 баллдан өйдөрөөк 10дон ашуун катуу жер титирөө катталган.
Жер титирөөнүн көбөйүшү, өлкөдөгү 28 станциянын иши. Сейсмолог Токтосопиевдин маеги