Кыргызстан суу ташкынынан жабыркаган казак элине гумжардам жөнөтөт

Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Кыргызстан суу ташкынынан жабыркаган казак элине гуманитардык жардам жөнөтөт. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте билдирди.
Анын айтымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн-эртең өлкөдө өндүрүлгөн продукцияларды жүктөп алып жеткирип берет.
"Бишкек ТЭЦинде авария болгондо биз көмөк сурабасак дагы коңшку өлкөлөр жардамдарды жөнөтүшкөн. Биз дагы Казакстан өзү жардам сурабаса да жиберип жатабыз. Ошондой эле 8-апрелде премьер-министри Бишкекке келет, ошондо дагы бизден кандай көмөк керектигин талкуулайбыз", — деди Жапаров.
ӨКМ казак кесиптештерине селдин кесепетин жоюуга жардам сунуштады