Элге уят болбой... Акылбек Түмөнбаев депутаттарга тарап кетүүнү сунуштады

Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев депутаттарга мандатын тапшырып кетүүнү сунуштады.
Бүгүн парламентке министрлер кабинети толук курамы менен келип, беш министр доклад жасаган. Түмөнбаев транспорт министри менен айыл чарба министри да маалымат бериши керектигин айтты эле, кесиптештери колдобой койду.
"Элдин көйгөйүн уккуңар келбесе, анда депутаттар мандатыбызды тапшырып кетели. Мен 7-чакырылыштын тарап кетишин сунуш кылам. Элге уят болбой", — деди эл өкүлү.
Ошондой эл ал төраганы өкмөткө жардамчы болуп депутаттарды тыя бербөөгө чакырды.
Ортодогу талаш-тартыштан кийин Түмөнбаевдин сунушу кайрадан добушка коюлуп, эки министр доклад жасады.
Депутаттар Алымкадыр Бейшеналиевдин ишин текшермей болушту