Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Елабугада дрон чабуулунан жаракат алган кыргызстандыктын абалы айтылды

Маселе министрликтин жана Казань шаарындагы Башкы консулдуктун көзөмөлүндө.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Казань шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Елабуга шаарында дрондордун кол салуусунан жаракат алган кыргыз жаранынан кабар алганын ТИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыргызстандык жеңил жаракат алып, дарылануу үчүн Казандын балдар ооруканасына которулууда.
Эскерте кетсек, Татарстандын Елабуга шаарындагы объектилерге пилотсуз аппарат кол салган. Андан жаракат алган алты адамдын ичинде И.А.Б. аттуу 17 жаштагы кыргыз жараны бар экенин Тышкы иштер министрлиги билдирген.
Жагдай министрликтин жана Казань шаарындагы Башкы консулдуктун көзөмөлүндө.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Тарыхтагы ири талкалоо. АКШда Россия Украинаны эмне кылганын айтышты