Боомдогу каттама, сүт чай саткан жай күзгө чейин көчүрүлбөй турган болду

Буга чейин ал жакта иштегендер айыл өкмөт жер бөлүп бере электигин айтышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы Боом капчыгайына кире бериштеги "Апамдын чайы" коомдук тамактануучу жайын көчүрүүгө дагы убакыт берилди. Маалыматты Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнөн тастыкташты.
Билдирмеге караганда, Чолок айылында брендге айланган каттамалар 1-сентябрга чейин мурунку эле ордунда сатылат. Тагыраагы, күзгө чейин көчүрүлбөйт.
Буга чейин аталган коомдук тамактануучу жайда иштегендер бийлик мартка чейин көчүү талабын койгону менен күн жакшы жылый электигин, айыл өкмөт да жер бөлүп бере электигин айтып, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышкан.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги "Апамдын чайын" азыркы турган жеринен Ак-Мөөр тилкесин көздөй ("Муздак-Суу") көчүрүү сүйлөшүлүп жатканын маалымдаган. "Кыргыз темир жолу" ишканасы ал кафелер поезд жолго жакын (6 метр аралыкта) кооптуу жерде жайгашканын билдирген. Андан сырткары, санитардык эрежелер сакталбай, газ баллондорду коюп, темир жолдун жанына автоунаалар токтотулуп, балдар ойноп чыккан учурлар болорун айтышкан.
Кыргызстанда тамак-аш коопсуздугун көзөмөлдөгөн атайын орган жок. Адистин маеги