БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун айыптоосуна жооп берди.
Бүгүн парламентарий Жусупбек Коргонбай уулу саламаттык сактоо министри кылмыштуу топтун мүчөлөрүн, соттолгон адамдарды кызматка дайындап жатканын билдирген. Ал коррупциялык схема түзүп, министр кезинде ондогон мүлккө ээ болуп мыйзамсыз байыганын айтып чыкты. Мындан улам ал министрликти текшерип чыгууну сунуштаган.
Министр Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына берген маегинде эки бөлмөлүү батирде жашап, кызматтык унаа айдай турганын айтты.
"Эгер депутаттар айтып жаткан Дубайдагы батирди таап беришсе ошолорго белек кылам. Мен эки бөлмөлүү батирде жашайм. Жубайымдын 1997-жылкы Lexus RX300 үлгүсүндөгү унаасы бар. Кичүү уулум менин Honda CR-V деген машинамды айдап жүрөт. Өзүм кызматтык унааны колдоном. Улуу балам менен кызым бизнес менен алектенишет. 2010-жылга чейин үч бөлмөлүү батир алганбыз. Азыр эки бөлмөлүүдө жашайм. Мыйзамсыз байыган эмесмин", — деди Бейшеналиев.
Министр уулу Ысык-Көлдөгү пансионаттарды куруу менен алектенип жатканын, аны элдин баары жакшы биле турганын айтты.
Бейшеналиев депутат айтып жаткан Кара-Суу ооруканасынын башкы дарыгери (соттуулугу бар адамдарды дайындоо) Жогорку соттун чечими менен кызматына кайтканын кошумчалады.
"Кара-Суу ооруканасынын башкы дарыгери көпкө текшерилди. УКМК да караган. Бирок болбой эле Жогорку соттон утуп чыкты. Анан мен эмне кылышым керек эле? Жардамчым окууну кызыл диплом менен бүтүргөн. Медициналык академиянын стоматология факультетин аяктап, клиникада иштеген. Анын уюшкан кылмыштуу топ менен эч кандай байланышы жок. "Алтын балалык" реабилитациялык борборуна келсек, ал жердеги керебеттер менен матрастарды Сириядан келген балдарды кабыл алган "Арчалуу" борборуна өткөрүп бергенбиз. Баарынын актылары бар", — деди Бейшеналиев.