Радио

Айдакеев: суу транспорту экологияга зыян, Ысык-Көлдө ал үчүн инфраструктура жок

Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча Улуттук платформа катчылыгынын жетекчиси Алмабек Айдакеев Кыргызстанда көлдө сүзүүчү транспортторго инфраструктура түзүү керектигин айтты.
Sputnik
Дизель менен жүрүүчү кемелердин моторунун алдына майлуу суулар сарыгат. Муну көлгө киргизбей, алып барып төгүү үчүн насостук станция куруу керек. Бул тууралуу Алмабек Айдакеев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, дизель менен жүрүүчү кемелерди инфраструктура түзүлмөйүнчө көлгө киргизбей туруу керек.
"Күйүүчү май менен жүрүүчү кемелердин моторунун алдына майлуу суулар сарыгат. Ушул майлуу сууларды көлгө агызбоо үчүн насостук станция керек. Экинчиден, жуунучу жайлардан агып чыккан суулардын көлгө кошулбашы үчүн да борборлоштурулган канализация зарыл. Бизде кемелер үчүн май куйган бир да жай жок. Мен билгенден учурда кемелерге, мотор кайыктарына челектеп ташып эле май куюп жүрүшөт. Мындай учурда сууга майдын төгүлүп кетүү коркунучу өтө жогору. Үчүнчүдөн, үч же беш жылда бир кемелердин корпусун тазалап туруу зарыл. Буга да мүмкүнчүлүк түзүлгөн эмес. Насостук станциялар шаардык коммуникацияга кошулушу керек. Бул да жок. Муну жеке менчик тараптар ишке ашырабы же мамлекетпи? Маселени Транспорт министрлиги чечиши керек. Негизи инфраструктура толук курулмайынча суу транспортунун иштешине уруксат берилбеши керек эле. Анткени экологияга зыян", — деди Айдакеев.
Ал суу транспортторун тиешелүү министрлик, ал эми суунун жээгиндеги инфраструктураны башка мамлекеттик кызмат тейлей турганын кошумчалады.