БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Эл аралык олимпиада комитети (ЭОК) россиялык спортчулардын интернеттеги, социалдык тармактардагы билдирүүлөрүн аңдып, карап турган "байкоочулар миссиясын" түзгөн.
ЭОК башчысы Томас Бах "африкалык аткаминер" (пранкчылар Вован жана Лексус) менен сүйлөшүп жатканда ыймандай сырын ачып берген. Тагыраагы, Бах эки пранкерди Африкадагы чиновниктердин бири деп ойлоп, дүйнө коомчулугу, башкалар билбеш керек болгон "ыкмаларды" айтып алган.
Диалогдон кийин өз өкмөтүн (Россиянын — ред.) колдоп билдирүү жасап чыккан россиялык спортчулардын мелдештерге катышуусуна бөгөт коюуга кадам жасалганы маалым болду.
Бул үчүн Олимпиада комитети ал тургай "көз карандысыз компанияны жалдаган". Мындан сырткары, сакалдуу деген эле бул уюм Украинадан мындай спортчулар болсо маалымдап турууну суранган. Максат жогоруда айтылгандай эле болгон.
"Эми өкмөттү колдоп чыккандар буга катыша албайт. Бизде ЭОКтун алдында байкоо салып турган комиссия бар. Атайын компания менен иштешет, алар интернетти, ЖМКларды жана коомчулукка жасалган кайрылуу, билдирүүлөрдү карап турушат. Андыктан эгерде спортчу бул сындуу билдирүү менен чыкса, ал спортчу мелдештерге, оюндарга катыша албайт. Украина тарапка да айттык, сунуштап эле тим болбостон, андай спортчулар менен аткаминерлер тууралуу маалыматтарды берүүсүн сурадык. Мындай учурларда алар катыша (оюндарга) албайт", — деген Бах агынан жарыла.