Бишкекте катуу шамалдын кесепети жоюлганча өзгөчө кырдаал режими узартылды

Борбор калаада болгон шамалдан 83 имарат, 13 унаа, 101 ар кандай объект жабыркаган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Бишкек шаарына киргизилген өзгөчө кырдаал режими катуу шамалдын кесепетин жоюу иштери аяктаганга чейин узартылууда. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, мэрияда 28-марттагы ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен катуу шамалдын кесепетин жоюу боюнча жыйын өткөн.
Анын жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Эрнис Жусупов кырсыктан 42 турак жай комплекси, 6 медициналык мекеме, 35 социалдык объект, 13 автоунаа, ошондой эле 101 башка объект (дүкөндөр, мончолор, электр чубалгылары, трансформаторлор, коммуналдык системалар) жабыркаганын билдирген.
"Тиешелүү шаардык кызматтар бул объектилерди калыбына келтирип жатышат. Ар бир транспорт боюнча жекече иш жүргүзүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Бишкек менен Чүйдөгү шамалдын кесепетинен жаракат алгандардын саны 24кө жетти