Жалал-Абад ОИИБ башчылыгынан алынган Жеңиш Абитов жаңы кызматка дайындалды

Милициянын аброюна шек келтирди делген Жеңиш Абитов жаңы кызматка барды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Спецназ ата-баланы токмоктогон окуядан кийин иштен алынган Жалал-Абад ОИИБдин начальниги Жеңиш Абитов жаңы кызматка дайындалды.
ИИМдин маалыматына ылайык, Абитов Бишкектин Свердлов райондук милициясын жетектемей болду.
Эсиңиздерде болсо, буга чейин соцтармакта Кочкор-Атада шектүүнү кармап кетип жатканда ага баласы болушуп спецназды секирип тепкен баланын видеосу тараган. Анда баланы формачандар аеосуз сабап жатканын көрүүгө болот. Мындан улам коомчулукта тийиштүү адамдарды жазага тартуу керектигин айтып чыгышкан.
Натыйжада бул окуя боюнча ИИМ үн катып, Абитов баштаган жетекчилер укук коргоо органдарынын тартиптик уставын бузуп, милициянын аброюна шек келтиргени үчүн кызматтан алынганын билдирген.
Ички иштер органдарынын жетекчилери ротацияланды. Тизме