БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Санкт-Петербургда Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Лениград курчоосунан алып келинген 150 баланы багып-өстүргөн Токтогон Алтыбасарованын элеси түбөлүккө сакталат.
"Вечерний Санкт-Петербург" басылмасынын жазганына караганда, топонимикалык комиссия №4 үй-бүлөлүк тарбияга көмөктөшүү борборуна Токтогон Алтыбасарованын ысымын берүү чечимин кабыл алган. Анын элесин түбөлүккө калтыруу демилгесин Россиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин көтөргөнүн Смольныйдын маалымат кызматы билдирди.
Ал эми Санкт-Петербургдун губернатору Александр Беглов белгилегендей, Алтыбасарованын эрдиги борбордун аты менен гана эмес, Ленинградды коргоо музейи менен бирге түзүлө турган эстелик көргөзмөдө да түбөлүккө сакталат.
"Мындай мекемени тандоо кокусунан эмес, анткени Ярославский проспектиндеги балдар үйү шаардагы эң эски үйлөрдүн бири. Согуш учурунда бул имаратта кампалар жана ооруканалар жайгашкан. Блокада алынгандан кийин эшиги аскер кызматкерлеринин балдары үчүн ачылган", — деди "Вечерний Санкт-Петербург".
Токтогон Алтыбасарова 2015-жылы дүйнөдөн кайткан. Ал Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында блокададагы Ленинграддан алып келинген 150 баланы багып-өстүргөн.