Эки жыл ичинде 2,3 трлн рубль. Россия ЕБ өлкөлөрүнө саткан газдын акчасы

Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Эки жыл ичинде Россия Европанын суук селки мамиледеги өлкөлөрүнө көгүлтүр от сатуудан кеминде 2,3 триллион рубль каражат тапкан. Аталган продукцияны мамлекет улуттук валюта менен 2022-жылдын апрелинен 2024-жылдын январына чейин соодалаган.
Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье жазды.
Алардын ичинен 2,2 триллион долларды Евробиримдиктин өлкөлөрү төлөгөн. 66 миллиард рубль Европанын Москва менен достук эмес маанайдагы мамлекеттеринен түшкөн.
Рубль менен эсептешкен "өнөктөштөр" Венгрия (769 млрд. ₽), Италия (655 млрд. ₽), Греция (328 млрд. ₽) жана Словакия (310 млрд. ₽) болду.
Ири импортчулардын бөлүгү Россиядан сатып алган көгүлтүр оттун көлөмү боюнча маалыматты ачык айткысы келген жок. Алардын арасында Германия менен Австрия бар.
Москва менен салкын мамиледе болгондорго 2022-жылдын 1-апрелинен тарта Россия газын жаңы схема менен, тагыраагы, еврону "Газпромбанк" аркылуу конвертация кылып, рубль менен төлөй турган талап коюлган.
Россияга санкция киргизген Евробиримдик газ алууда канча чыгым болгону айтылды