Президенттин администрациясы аткаминерлерге катуу эскертүү берди

Жергиликтүү бийлик өкүлү өз аймагындагы калкты турак жай менен камсыз кылууга биринчи кезекте кызыкдар болушу шарт экени белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Президенттин администрациясы аткаминерлерге катуу эскертүү берди.
Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов министр, облус башчы, аким жана мэрлерге кайрылып, Садыр Жапаровдун жарлыгынан буйтап, аны аткарбай коюунун айласын көрүп жаткандар бар экенин айтты. Кеп элге турак жай куруу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүлө турган жерлер тууралуу болууда.
Катчы аткаминерлер "бул жерлер мурда эле жеке менчикке берилип кетиптир" деген шылтоо менен документтерди жасалмалай коюп, жеке жактарга өткөрүп жатканын жазды.
"Министрлерге, өлкөбүздүн облус жетекчилерине, райондордун акимдери жана шаарлардын мэрлерине эскертүү! Ар бириңиздер президент Садыр Жапаровдун жогоруда белгиленген жарлыгын бир айлык мөөнөттө аткарбасаңыздар ээлеген кызматыңыздардан бошотуласыздар. Ал үчүн Мамлекеттик ипотекалык компания менен байланышып иш алып барыңыздар", — деди Алагөзов.
Ал жергиликтүү бийлик өкүлү өз аймагындагы калкты турак жай менен камсыз кылууга биринчи кезекте өзү кызыкдар болушу шарт экенин эскертти.
Бишкекте батирлердин ижарасы канча болууда? Февралга карата маалымат