Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Тарыхтагы ири талкалоо. АКШда Россия Украинаны эмне кылганын айтышты

Бизнесмен Вашингтондун акыл калчабай туруп Киевге кылган жардамы Украинаны азыркы кырдаалга такаганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулу соңку тарыхтагы эң ири жеңилүүлөрдүн бири болуп калды. Бул туурасында америкалык миллиардер Дэвид Сакс Илон Масктын Украинанын Кара деңиздеги жоготуулары боюнча айтканына жогорудагыдай комментарий бергенин РИА Новости жазды.
Маск согуш улана берсе Россия дагы көбүрөөк жерге ээ болуп, ал эми Киев Одессадан жана Кара деңизге чыкчу жолдон ажырап каларын белгилеген.
"Украинанын контрчабуулу азыркы замандагы согуштун тарыхындагы ири жеңилүүлөрдүн бири болуп калды. Танкалар, аскерлер мина коюлган талаа менен тызылдап качты, ал эми россиялык тарап артиллерия менен ээлеген позициясын бекемдеп алды", — деген Сакс.
Анын айтымына караганда, Вашингтон тараптын акыл калчабай туруп Киевге кылган жардамы Украинаны азыркы кырдаалга алып келип такады.
"Булар акылы жок кишилер, эч кандай деле ишеним калбайт", — деген бизнесмен.
Миллиардер Чыгыш Европа өлкөсү жок болуунун алдында тургандыгын, АКШнын жетекчилиги мындай саясат үчүн азырынча эч кимди жоопкерчиликке тартпастыгын кошумчалаган.
Ишемби күнү Маск Киевге чатакты сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырык таштап, андай болбогон күндө аталган өлкө аймактарынан дагы ажырай турганын жазган.
Кремль сүйлөшүүгө даяр экендигин бир нече жолу айтып келгени менен Владимир Зеленский буга мыйзам менен тыюу салган. РФ лидери Владимир Путин жакында эле Дмитрий Киселевго берген интервьюсунда Россия Украина менен диалогго даяр экендигин, бирок чечим психотроптук заттардан кийин эмес, акыл калчаган соо учурда кабыл алынышы зарылдыгын белгилеген эле.
Президент, мындан сырткары, Киев чын эле кепке келүүнү кааласа алгач сүйлөшүүгө тыюу салган декретти жокко чыгарышы керектигин эске салган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Кетиш керек". Украиналык эксперт согуштун соңу тууралуу айтты