"Кыргыз кереметин" түптөгөн режиссерлордун атын чыгарган. Каарман Ашымовду эскерүү

Каарман Ашымов — 1960-жылдардагы кыргыз кинематографиясынын жаралышынын өтө маанилүү процессин илимий жактан ачып берген киносынчы. Ал киностудияны жетектеп турганда эң мыкты көркөм тасмалар жарык көргөн.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан редакциясынын "Туяк" программасында конокто Каарман Ашымовдун кызы Гүлмира Ашымова жана "Кыргыз тасмасы" мамлекеттик концернинин директору Талантбек Төлөбеков болду. Биз залкар инсандын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу маектештик.
— Алгач атаңыздын балалыгынан баштасак...
Гүлмира Ашымова: — Атам Чүй өрөөнүнүн Сайлык айылында төрөлгөн. Алгач атамдын атын Аалы коюшат, бирок капыстан үйгө келген дербиш баланы көрүп "бул жөн бала болбойт, атын Каарман койгулачы" деп ысымы өзгөрүп калган экен. Чоң атабыз мектеп директору болгон. Атам 7-класска чейин Сайлык айылында окуп, 10-классында тил үйрөнүү максатында Токмоктогу орус мектепке которулган. Кийин Кыргыз улуттук университетинин филология факультетине тапшырып, мыкты окуганы үчүн Илимдер академиясынан Москвада аспирантурага тапшыруу сунушталат. Кыргыз киносунун тарыхын изилдөө жаатында кандидаттык тема бекилип, үч жыл абдан кызыгуу менен окуйт. Акырындан материал топтоп, бул жакка келип киностудиянын абалы менен толук таанышып, илимий эмгек жазат. Академияда бир аз иштегенден кийин эле киностудияга башкы редакторлукка чакырып калышат. Андан кийин киностудиянын директору болот.
Талантбек Төлөбеков: — Ошол кезде кино тармагы өнүгүп жаткан маал эле да. Ал кездеги маданият министри Күлүйпа Кондучалова "сиз мыкты аналитик экенсиз" деп директорлукту сунуштаптыр. Кыргыз киносу үчүн Каарман аганын орду чоң.
— "Кыргыз кереметин" жаратуучулар менен эриш-аркак иштешсе керек.
Г.А.: — Биз да чыгармачылык чөйрөдө өстүк. Кино тармагына мыкты инсандар агылып келди. Болот Шамшиев, Төлөмүш Океев кино тартып жүргөн маалда биз да Көлгө чейин барып, тасма талаасында жүрдүк. Атам беш баласын тең машинага салып алып, чыгармачылыкка жакын өстүрдү. Кийин фильмдин бет ачарына барганда белгилүү инсандар, залкарлар менен аралашып калдык. Өзүбүз киностудиянын жанында жашадык. Киночулардын баары ошол тегеректе жашагандыктан ал жерди "киночулар айылы" деп койчу. Киного тиешеси барлардын баары биздин үйгө чогулуп, залда отуруп алып талкуу жүргүзүшчү. Төлөмүш Океев, Чыңгыз Айтматов, Болот Шамшиев, Геннадий Базаров биз үчүн жакын адам болуп калган.
Каарман Ашимовдун кызы Гүлмира Ашымова
Атам бизге да, өзүнө да талапты катуу коё билген киши болгон. Түндүн кайсы убагы болбосун белгилүү инсандар тынбай келчү. Талкуулагандары эле кинонун өнүгүшү. Атам каражат жагын Москвадан чечип келип, базасы кайда болорун аныктап берчү.
Т.Т.: — Анализдеп көрсөм Каарман агайдын убагында биздин киностудия "Ленфильм" менен жакшы иштешиптир. Ал москвалыктар менен кызматташууга шарт түзгөн мыкты менеджер болгон. Киносынчы Гүлбара Төлөмүшова да Каарман агай менен иштешип калгандыктан "азыр андай кишилер жок" деп көп айтат. Учурда аксакалдар менен кеңешип Каарман Ашымовдун атын "Кыргызфильмдин" жанындагы кичине көчөгө берсек деп жатабыз. Же болбосо "Кыргыз тасмасы" мамлекеттик концернине атын берүү кажет. Бул киши тууралуу даректүү фильм даярдоону сүйлөшүп жатабыз. Негизи Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиевдин атын чыгарып, жашоодо маяк болуп берген Каарман Ашымов болгон. Анткени ал киши көркөм тил менен жазып кино жаатындагы жүздөрдү, алардын эмгектерин элге, коомчулукка жеткирип турчу. Кинотаануучулар ушул күнгө чейин агай жазган материалдар менен иштешет. Актуалдуулугун жоготпой келе жатат. Каарман Ашымов мыкты китептерди жазган. Эмгектерин изилдеп Москвадагы китепканаларды да карадым. Ал кишинин жазгандарын, изденгенин көрүп ыйлагың келет. Санариптештирүү доорунда биз ал жасаган иштин бирин жасай элекпиз. Китептеринде залкарлар тууралуу даяр сценарийлер бар. Анын негизинде чакан видеороликтерди чыгарууну пландап жатабыз. Киносынчылык, кинотаануучулук өтө сейрек кездешүүчү адистик. Азыр деле тасмалар тартылып жатканы менен бул жаатта эч ким иш жүргүзгөн жок. Мисалга агайдын "Кызыл алма" фильмине жазылган рецензиясын алсак, көркөмдүгү, анализи укмуш.
— Жумушта талапты катуу койгону менен үйдө жумшак эле киши болсо керек?
Г.А. — Ушул кишинин кызы болуп калганыма абдан сыймыктанам. Ар бирибизге көңүл бөлүүгө жетишти. Мисалы, Москвага бара жатканда мени, кийинки жылы уулун, Ташкентке улуу эжемди ээрчитип барчу. Анын музыкант болушун каалап, абдан сүрөдү. Чет өлкөгө барганда бизге тарыхый, маданий жайларды, музейлерди кыдыртчу. Москвадан актрисалар келгенде алар менен да аралаштырып койчу.
Үйдө абдан таза киши эле. Буюмдары ордунда турушу керек. Бирге окуган досторунун баары министр болушкан. Алар үйгө келгенде атам бизди да кошо отургузуп, ар бирибизге токтолуп мактап, "келечектеги баланча министр" деп туруп сөз берчү. Ушунун өзү бизге мотивация болду. Өзү билимге маани берген, интеллектуал адамдарды сыйлачу. Балдарын да алардын катарында көргүсү келчү. Кудайга шүгүр, баарыбыз жакшы чыктык.
Кыргыз кереметин жаратуучулардын бири Мурат Алиев. Эскерүү маеги
— Апаңыз тууралуу да айта кетсеңиз?
Г.А.: — Апам экөө абдан катуу сүйүшүп, баш кошушкан экен. Мектепте чогуу окушкан. Кийин 1-курска барганда эле үйлөнүп алышыптыр. Апам мыкты жубай болуп берди. Балдарды тарбиялап, үйдү таза, тыкан кармап, конок тосуп, аялга тиешелүү бардык ишти жайгарчу. Атабыз да апамды атынан айтпай дайыма Динаш (Динара — ред.) деп турчу. Экөөнүн махабатын достору да билет. Абдан ынак жашашты. Дайыма акылдашып, кеңешип турушчу. Атам мага "биздин сүйүүнү жаз, сенде жазмачылык өнөр бар" деп койчу. Атам абдан тууганчыл эле. Айылга барганда баарын кыдырып, акыбал сурашып, базарлык таратып чыкчу.
1981-жылы Улуттук илимдер академиясында Искусство таануу институтун түздү. Андан бир жыл мурун киностудиядан кеткенде абдан катуу стресс алды. Кеткиси келген эмес, баштаган ишин аягына чыгаргысы келди. Кийин докторлук диссертациясын жазды. Өзү эки тилде жаза билсе да орус филологиясынын 5-курсунда окуган мага орусча эмгегин текшерткен. Кино тартууда иштеген ар бир адамдын аты-жөнүн толук жазып чыгыптыр. Ошондо таң калдым. Башкаларга да текшертти. Ооруп жатса да Москвага алып барып, жактаганга шашып жүрдү, "артымда из калсын" деп. Бирок тилегине жетпей калды. 52 жашында көзү өттү. Кийин баласы монографиясын китеп кылып чыгарды.
— Каарман Ашымов атындагы стипендия да уюштурулган экен. Азыр да уланып жатабы?
Г.А.: — Ооба, уулунун көзөмөлүндө. Институттар кайрылат. Ошонун натыйжасы менен аныкталат.
Т.Т.: — Биз да мамлекеттик деңгээлде стипендия берүүнү карап жатабыз. Кыргыз киносу тууралуу жазган кинотаануучуларды, сынчыларды колдоп, өстүрөлү деген план бар. Азыр дүйнө жүзүндө кинотаануучулук кесиби өзгөрүүдө. Каарман Ашымов азыр тренд болуп жаткан системада 1970-жылдары эле иштечү. Кайсы жакка барса да мыкты пиарчы болуптур. Ар бир режиссёрго, операторлордун эмгегине Москванын көңүлүн бурдура алган. Учурда кино тармагы адискөй киносынчыга муктаж. Жөн эле кемчилигин айтуу — бул сынчылык эмес.
"Кыргыз тасмасы" мамлекеттик концерндин директору Талантбек Төлөбеков
— Туяктары тууралуу айтсаңыз?
Г.А.: — Атамдын таланты небере кызына өттү. Ал кыз азыр "Кадам" аттуу кыска метраждуу тасма тартты. Киночулар тарабынан жакшы кабыл алынды. Негизи биз төрт кыз, бир уулбуз. Уулу Тилек Ашымов финансы тармагында иштейт. Улуу эжем композитор. Азыр Австрияда. Мен чоң атамдын жолун жолдоп мектеп директору болдум. Менден кийинки сиңдим ишкер. Кичүү сиңдим да үй-бүлөсү менен чет мамлекеттерде жашап келди.
— Атаңыздын атын, эмгегин таанытуу жаатында кандай иштер аткарылууда?
Г.А.: — 85 жылдыгына карата бир катар иштерди баштадык. Небере кыздары подкасттарды даярдап жатат. Туулган күнүнүн алдында башкача форматта эскерүү кечесин өткөрүү планыбыз бар. Монографиясын кайрадан басып чыгарабыз.
Т.Т.: — Биз да Каарман Ашымовдун эмгектерин англисчеге которууну пландаштыруудабыз. Бизде киностудия 1970-жылдары эле ачылып, кандай кереметтерди жаратканын дүйнө таанышы керек.
Турган жеринен төгүп, элди ыйлата да, күлдүрө да алган. Какен Алмазбековду эскерүү