Бишкекке Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун башчысы Эркин Тунияз келди. Сүрөт

Иш сапардын алкагында кыргыз-кытай ишкерлеринин жолугушуулары жана маданий программалар уюштурулмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Кыргызстанга Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз иш сапары менен келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Кыргызстанга Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз иш сапары менен келди

2 / 2

Билдирмеге караганда, Эркин Туниязды "Манас" эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алган

Билдирмеге караганда, Эркин Туниязды "Манас" эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алган.
"Эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана тоо-кен тармактарында кызматташуу тууралуу эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт", — деп жазылат кабарда.
Иш сапардын алкагында кыргыз-кытай ишкерлеринин жолугушуулары жана маданий программалар уюштурулары кошумчаланды.
"Борбор Азия — Кытай" катчылыгы түзүлүп, ачылыш аземине элчи катышты. Сүрөт