1-апрелден тарта Кыргызстанда поезддерге электрондук билет сатыла баштайт

Бишкекте поездин жанында турган жүргүнчүлөр. Архивдик сүрөт
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта GoBus тиркемеси аркылуу Кыргызстан ичиндеги жүргүнчү поезддерге электрондук билеттер сатыла баштайт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.
Билеттер Бишкек-2 — Кайыңды жана Бишкек-1 — Токмок поезддерине сатылат.
Тиркемеден тышкары, билеттерди Бишкек-2 бекетинин кассасынан алса болот. Акчасын накталай төлөм менен же бардык электрондук капчыктар аркылуу төлөө мүмкүн.
Талас аэропорту курулуп бүттү
"Талас" аэропорту курулуп бүттү. Учактар качан каттай баштайт?