Кыргызстан менен Россиянын энергетика министрлери меморандумга кол коюшту

Таалайбек Ибраев менен Николай Шульгинов кол койгон документ "Чалдовар" жылуулук электр станциясынын курулуш долбоору боюнча кызматташууну камтыйт.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын энергетика министрлери кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Энергетика министрлиги маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, Таалайбек Ибраев менен Николай Шульгинов кол койгон документ "Чалдовар" жылуулук электр станциясынын курулуш долбоору боюнча кызматташууну камтыйт. Ошондой эле эки өлкөнүн энергетика тармагындагы уюмдарынын өз ара кызматташуусуна багытталган.
Мындан тышкары, Кыргызстандын аймагында генерациялоочу кубаттуулуктарды модернизациялоо, куруу жаатындагы долбоорлорду иштеп чыгуу да каралган.
Радио
Россия уулуу калдыктарды рекультивациялоого 2,1 млрд. рубль бөлөт