Булчуңдун ордун май басты. Адис жаштар арасындагы көйгөйдү айтты

Дарыгердин түшүндүрмөсүнө ылайык, бул тамактануунун бузулушу, күнүмдүк жашоодо кыймылдын кескин азаюусу менен байланыштуу.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Адатта булчуңдардын ордун май ткандары баскан көрүнүш улгайган адамдарда байкалат. Бирок азыркы тапта мындай абал жаштар арасында көбөйгөнүн эндокринолог Зухра Павлова Sputnik радиосуна курган маегинде билдирди.
Адистин айтымында, бул тамактануунун бузулушу, күнүмдүк жашоодо кыймылдын кескин азаюусу менен байланыштуу.
"Адамдын булчуң эттери азайып алсыз болушуна, булчуңдун ордун май ткандарынын басып кетишине үч негизги фактор таасир этет. Сырттан караганда такыр байкалбайт. Кишинин дене мүчөсү жакшы, салмагы жайында эле болот. Бирок айрым кыздардын колун кармаганда килкилдекти эске салышы мүмкүн. Көбүнчө булчуңдун ордун май ткандары басып кеткенин МРТ изилдөөлөрүн жүргүзүүдө аныкталат", – деген Зухра Павлова.
Дарыгер мындай абалды алдын алуу үчүн жаштар жөнөкөй эрежелерди сактап жүрүшү керектигин белгилеген.
"Дене тарбия көнүгүүлөрүн такай жасоо талап кылынат. Күнүмдүк тамак-ашта белоктун жетиштүү болушуна маани берүү зарыл. Ошол эле учурда уйкуну кандыруу да булчуңдардын күчтүү болушун шарттайт. Түн жарымынан өтүп уктагандарда дайыма кортизол тартыштыгы байкалат. Анын аздыгы булчуң ткандарынын азайып, майдын көбөйүшүнө алып келет", – деп эскертти адис.
Радио
Семирүү — олуттуу оору. Кантип алдын алуу керек