Быйыл өлкөдө 100 өнөр жай, 100 социалдык объект ачылат

Анын ичинде цемент заводу, жеңил унааларды чыгара турган кыргыз-өзбек заводу, кафель чыгара турган завод, тамеки даярдай турган ишканалар бар.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. 2024-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында өлкөдө 100 өнөр жай жана 100 социалдык объект ачылат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында электр энергиясын өндүрүүчү катуу тиричилик таштандыларын утилизациялоочу экотехнологиялык заводдун курулушуна капсула салуу аземинде сүйлөп жатып билдирген.
Жапаровдун айтымында, алардын катарында:
— 150 миллион долларга курулган, ТЭЦтен чыккан күлдөн цемент өндүрүү заводу;
— автоунаа чыгара турган кыргыз-өзбек заводу;
— тамеки фабрикасы;
— Италия технологиясы менен кафель чыгарган завод;
— Кытай менен чектешкен аймакта чек ара бекети бар.
Бишкекте таштандыны кайра иштеткен завод курула баштады