БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет өлкө аймагында үшүк жүрө турганын эскертти.
31-мартта жана 1-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Талас облусунун дыйканчылык аймактарында -1…-3, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-2 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай аба ырайы бактардын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына коркунучтуу.