Катуу шамалдан Бишкек, Чүй, Таласта 10 адам жабыркап, 154 объект зыянга учурады

Бишкек мэриясы кулаган дарактарды алып, жолдорду тазалап бүткөнүн айтып, үзүлгөн зымдарды кечке чейин калыбына келтирүүнү убадалады.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. 28-мартта болгон катуу шамалдан Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустарында 10дой адам жабыркап, 154 объект зыянга учурады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, кечээ өлкөнүн айрым аймактарында, анын ичинде ордо калаада ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен катуу шамал болуп, кулаган бак-дарак автоунааларды басып калып, имараттардын чатырларын алып кеткен. Кырсыктын кесепетин жоюу үчүн Бишкек менен Чүйдө өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
"Бишкек, Чүй жана Талас башкармалыктарынан бүгүн саат 8:30га карата алынган алдын ала маалымат боюнча, шамалдын кесепетинен 10 адам жабыркап, 70 социалдык объект, 80 турак үй, 4 чарбалык курулуш, жалпысынан 154 объект зыянга учураган", — деп жазылат маалыматта.
Ордо калаада шаардык кызматтар түнү менен шамалдын кесепетин жоюу боюнча иштеп, мэрия кулаган дарактарды алып, жолдорду тазалап бүткөнүн билдирди. Үзүлгөн зымдарды кечке чейин калыбына келтирүү убадаланды. Коомдук транспорт штаттык режимде иштеп жатат.
Бишкектеги катуу шамалдан мектеп жана бала бакчалар зыян тартты. Саны