Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ: Киев майдандагы ийгиликсиз кадамдары боюнча да чындыкты айтышы керек

Politico журналисттер согуштун алдыңкы чектерине жетүүгө умтулуп, бирок Украина "аялуу аймактардан" репортаж жасоону чектеп жатканын жазды.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Украина майдандагы ийгиликсиз иштери боюнча да чындыкты айтып турушу керек деген пикирин АКШнын Мамлекеттик департаментинин өз ара иштешүү боюнча глобалдуу борборунун координатору менен атайын чабарманы Жеймс Рубин билдирди. Бул туурасында РИА Новости Politico басылмасына таянып жазды.
Аталган ресурс Киев "аялуу аймактардан" жасалчу репортаждарды чектеп, украиналык жана батыштык журналисттер согуш жүрүп жаткан аймактарга умтулуп, аны кеңейтүүнү айтып жатканда мамлекеттик өңүттө чагылдырууну моюндабай турганын жазды.
"Аскердик кабарчылар кээде президент Владимир Зеленскийдин кызыкчылыктарына жооп бербеген нерселер туурасында да жазат. Бирок биз үмүт арткан жана Украинада да акырындык менен орноп баратат деп ишенген демократиялык кубулушта согушту чагылдырган кабарчылар жаман кабарларды жазган учурлар да болорун түшүнүшү керек. Бул кадыресе көрүнүш", — деген Рубин.
Анын айтымына караганда, "кээде украин өкмөтү АКШ үчүн кадимки норма болгон маалымат эркиндигине каршылык көрсөтүшү ыктымал". Рубин журналисттерге мүмкүнчүлүк берүү Киевдин союздаштар тарабынан ири жардам алууга өтө муктаждыгын көрсөтүп берүүнү бекемдээрин айткан.
Ал Украина "туура багытта бара жатса да толук кандуу демократиялашып кете электигин" кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Такер Карлсон: Украина "жеңиштин босогосунда" деген маалыматтар калп