Бишкек шаарынын мэри өзгөчө кырдаал режимин киргизди

Мэр эртең таңга чейин шаарды иретке келтирүү керектигин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаага өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча жарлыкка кол койду.
Жунушалиевдин төрагалыгы алдында ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен катуу шамалдан жабыркаган №62 мектептин аймагындагы чукул кырдаал боюнча штабдын көчмө жыйыны болуп өттү.
"Чатырдын сыныктары, кондиционерлер, чоң бутактар салаңдап турган жерлерди текшерүү үчүн мобилдик топтор уюштурулган. Бардык шаардык кызматтар күчөтүлгөн тартипте иштөө режимине өттү", — деп билдирди мэрия.
Шаар башчысы колдо болгон бардык инженердик-техникалык каражаттарды жана атайын техниканы колдонууну тапшырды.
"Эртең таңга чейин шаарды иретке келтирүү керек", — деди ал.
Мэриянын көзөмөл башкармалыгына сапатсыз курулгандыктан чатырын шамал учуруп кеткен мектеп жана бала бакчаларды аныктоо боюнча комиссия түзүү тапшырылды.
Бишкекте катуу шамал болуп, дарактар кулап, автоунааларды басып калды. Видео