Караколдо "Бугу" жана "Макиш" базарларынын ээси кармалып, мүлкү мэрияга өттү

Базар ээси узак убакыт бою соода кылгандардан мыйзамсыз акча чогултуп келген.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Каракол шаарында "Бугу" жана "Макиш" базарларына ээлик кылган адам кармалганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Каракол шаарында "Бугу" жана "Макиш" базарларына ээлик кылган адам кармалганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады

2 / 2

Билдирмеге караганда, ал өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында колго түшүрүлгөн

Билдирмеге караганда, ал өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында колго түшүрүлгөн.
"Р.А.Т. аттуу ишкер базарларда иштегендерден узак убакыт бою мыйзамсыз акча чогултуп, түшкөн пайданы фискалдык органдардан жашырып келген. Текшерүү учурунда каржылык ишмердүүлүгүндө көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталган", — деп жазылат маалыматта.
Мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында ыктыярдуу түрдө Каракол шаарынын мэриясынын балансына аянты 1,14 гектар болгон 233 миллион сомдук "Макиш" жана "Бугу" соода базарлары өткөрүп берилгени кошумчаланды.
Шадиевге таандык "Баткен-Комфорт" базарын башкаргандар кармалды