Райым Матраимовдун үч бир тууганы дагы камакка алынды

Алар кылмыштуу каражаттарды адалдоого, кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга айыпталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Ош шаардык соту мурдагы бажычы Райым Матраимовдун Исламбек, Руслан, Тилек аттуу бир туугандарынын бөгөт чарасын тандады.
Ага ылайык, Исламбек жана Руслан Матраимовдор 18-майга чейин камакка алынды. Алар Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыштуу каражаттарды адалдоо" беренеси боюнча айыпталууда.
Ал эми Тилек Матраимов 26-апрелге чейин камакта болот. Ал Кылмыш-жаза кодексинин "Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыпталууда.
Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту Райым Матраимовду УКМКнын тергөө абагына бир айга камакка алган.
Эске салсак, кечээ Райым Матраимов менен кошо бир туугандары: Руслан, Исламбек, Тилек Матраимовдор да кармалганы кабарланган. Райымдан башкасын Ошко алып кетишкени маалым болгон.
Эске салсак, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарына январда издөө жарыяланган. Буга чейин УКМК Райым Матраимовдун Кыргызстандын жетекчилигине кол салууга даярданып, Азербайжандан келген улуттар аралык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар экенин билдирген.
Райым жана Тилек Матраимовдор Бакудан кармалып, Бишкекке алып келинди. Видео