БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. "Россия сегодня" медиатобунун жана RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян "Крокус сити холлдогу" терактыда элди куткарган балдарга белек жана Кара деңизге эс алып келүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берет. Бул туурасында ал Telegram каналына жазды.
Симоньян "Крокуста" кишилерди куткарган балдардын бир бөлүгү белектен баш тартып, бир катарлары өздөрүнүн айлыгын жабыркагандарга которгонун айткан.
"Тигран (Кеосаян) менен ар бирине ноутбук, себетке салынган жемиштерди жана жайында Горгиппияга барчу экскурсиясы менен кошуп Анапа курортуна жолдомо белек кылууну чечтик. Алар: Ислам Халилов, Артем Донсков, Александр Журик, Никита Иванов, Виктория Волчихина, Артем Филимонов жана Елизавета Терехова", — деп жазган ал.
Горгиппия — Кара деңиздин жээгиндеги байыркы шаар калдыктары.
"Крокус сити холлдогу" теракт
Москва облусуна караган Красногорск шаарындагы Муслим Магомаев атындагы "Крокус сити холл" концерттик залына кол салуу 2024-жылдын 22-мартында кечинде болгон. Имаратка кирип келген куралчан төрт адам ошол жердеги элди ата баштаган. Андан сырткары, бир нече жерге от коюшкан. Россиянын Тергөө комитетинин соңку маалыматтарына таянсак, 139 адам көз жумган, анын ичинен үчөө — балдар.
Карагашалуу окуя боюнча кылмыш иши козголду. Россия сегодня" медиатобунун жана RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян каза тапкандардын саны 143кө чейин чыкканын жазган. Ал эми Россия ӨКМинин маалыматында 152 киши жабыркады. 24-март улуттук жалпы Аза күнү деп жарыяланган. Каза тапкандардын арасында кыргызстандык эки кыз бар экени айтылып, бирок бул боюнча ТИМ билдирүү кылды. Министрлик "кыздар каза болду деп айтуу азырынча эртелигин, алардын атын-жөнү көз жумгандардын тизмесине генетикалык экспертиза бүтө электе эле кошулуп калганын" түшүндүрдү.
Теракт жасагандарды 23-мартта таңда автоунаа менен Украинанын чек арасына бара жатканда Брянск облусунан кармашкан. Алар Тажикстандын Далержон Мирзоев, Саидакрами Рачабализода, Шамсидин Фаридуни жана Мухаммадсобир Файзов аттуу жарандары экени айтылган. Аларга РФтин Кылмыш кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүгүндөгү "б" пункту менен ("Уюшуп алып, адам өлүмүнө себепкер болгон теракт жасаганы үчүн") күнөө тагылган. Дүйшөмбү, 25-мартта, ишке катышы бар деген шек менен дагы үч киши: Исроил Исломов, анын уулдары Аминчон жана Диловар кармалган. Кийинчерээк дагы бир шектүү, Алишер Касимов кармалып, эки айга камакка алынды.