БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Биринчи май райондук соту мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасын карап, бир айга камакка алуу чечимин чыгарды.
Матраимов УКМКнын убактылуу кармоочу жайында болот.
УКМК Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаев менен тыгыз байланышта болуп, Бажы кызматы менен мамлекеттик кызматкерлерден турган кылмыш тобун түзгөнүн белгилеген.
Райым Матраимов учурда Кылмыш-жаза кодексинин 169 ("Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу"), 222инчи ("Кылмыштуу жол менен тапкан кирешелерин мыйзамдаштыруу" (адалдоо) беренелери менен күнөөлөнүп жатат.
Матраимовго январда издөө жарыяланган. Буга чейин УКМК Райым Матраимовдун Кыргызстандын жетекчилигине кол салууга даярданып, Азербайжандан келген улуттар аралык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар экенин билдирген.